БАТКЕН. Жекшембиде Сүлүктүдөгү Исхак Раззаков атындагы көмүр кенинде кен ташуу үчүн жол ачып бараткан Абдыкерим Матмусаевди темир релси басып калып, набыт болгон. Маркумдун үй-бүлөсүнө жардам иретинде облустук акимчилик 5 миң сом, шахта башкармалыгы 10 тонна көмүр беришти. Мындай маалымат Баткен облустук акимчилигинен 5-сентябрда алынды.