Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

КҮЧТҮҮ БОРООН-ЧАПКЫНГА АКШ ЭМНЕ ҮЧҮН ДАЯР БОЛБОЙ КАЛДЫ?


Нарын АЙЫП, Прага "Уолл стрит жорнел" гезити 6-сентябрда атайын макала жарыялап, август айынын аягында АКШнын түштүк жээгин кыйраткан бороон-чапкындын тийгизген кесепетин азайтуу жана алдын алуу ишинде өлкө жетекчилиги кандай каталарды кетиргенин жазып чыкты. Негизги себептердин катарында ички коопсуздук үчүн жооптуу жаңы эпсиз министрлик түзүлгөнү менен Ирактагы согуш аталууда.

Гезиттин бир нече кабарчысы биргелешип жазган макалада - 2003-жылдын январында АКШда Ички коопсуздук министрлиги түзүлгөндөн кийин ички коопсуздук начарлаганы тууралуу айтылат. Ал министрлик - Өзгөчө кырдаалдар боюнча федералдык агенттиктин негизинде түзүлгөн жана ага Деңиз жээгин кайтаруу агенттиги менен чалгындоо кызматтары сыяктуу бир нече мамлекеттик уюм кирген. Бирок мининстрлик негизинен террордук коркунучтун алдын алуу иштерине гана кызыккандыктан, АКШнын өзүндө түзүлгөн өзгөчө кырдаалдарга көп көңүл бурулбай калган. Андай коркунуч тууралуу Конгресстин Эсептөө палатасы да атайын айткан, бирок ал да көңүл сыртында калган.

«Катрина» бороон-чапкыны АКШга тийерге эки апта калганда, министрликтин жергиликтүү беш бөлүмүнүн өкүлдөрү министр Майкл Чертоф жана анын орун басарлары менен Вашингтон шаарында жолугуп, кокус пайда боло турган табигий кырсыктарга даярдык начар экени тууралуу айткан, бирок шашылыш чара көрүлгөн эмес. Министрликке кире электе өкмөттөн жыл сайын 800 миллион доллар грант алган Өзгөчө кырдаалдар агенттиги ал акчадан айрылганы аз келгенсип, үстүбүздөгү жылдын июлунда Чертоф өзүнүн атайын буйругу менен анын милдеттерин дагы кыскарткан.

Өткөн жылдын октябрында "National Geographic" деген журнал бир нече макала жарыялап, АКШнын түштүк жээгине күчтүү бороон-чапкын тийсе кандай алаамат чыгаары тууралуу жазган. Былтыркы июнда Өзгөчө кырдаалдар боюнча агенттик 500 миң долларлык атайын программа түзүп, Нью-Орлеан шаарына катуу бороон-чапкын тийсе эмне кылуу керек деген маселе боюнча атайын машыгуу өткөргөн. Беш жүз миң имарат кыйрап, бир миллионго жакын адам жер которууга аргасыз болгону боюнча өткөрүлгөн ал машыгуу боюнча үстүбүздөгү жылдын 5-январында атайын доклад даярдалып бүткөн, бирок ал жарыяланган эмес.

Министрликтин бардык көңүлү жана каражаттары террорчулуктун алдын алуу маселесине гана жумшалган. Натыйжада - миллиондогон адам чогулган джаз фестивалдарын тейлеген Нью-Орлеандын жетекчилиги «Катрина» бороонуна даяр эмес болуп чыккан. Бороондун алай-дүлөйү түшүп жаткан учурда министрликтин кызматкерлери жапа чеккендерге шашылыш жардам көрсөтүүнүн ордуна аэропорттордо атайын текшерүү өткөрүп, учактарга террорчулар кирип кетпесин камсыз кылуу менен алек болгон.

Нью-Орлеандан 400 чакырым алыстыкта сегиз миң аскери бар Форт-Пок деген база жайгашат, бирок анын аскерлери жардамга убагында келген эмес, анткени келерки январда Ооганстанга жөнөөгө даярданып жаткан. Жер шарынын кайсы болбосун бурчуна 18 сааатын ичинде жете алган ал аскерлер кырсыктан жапа чеккендерге жардамга бир нече күндөн кийин гана жиберилген. Луизианада жайгашкан Улуттук гвардиянын аскерлери болсо өткөн октябрда Иракка жөнөтүлгөн жана "Хамвис" аттуу суужүргү машинелер менен башка керектүү аспаптардын баарын өздөрү менен кошо ала кеткен.

Жапа чеккендерди куткаруу жүрүп жатканда эң керектүү болгон тик учмалар тартыштыкта болгон, шаарда болсо оор аскерий тик учмалар коно ала турган жайлар аз болуп чыккан. Жергиликтүү жетекчилер менен федералдык агенттер сүйлөшкөн радиотелефондордун толкундары ар башка болгону да бир топ маселе жаратты. Ошентип, гезиттин айтымында, дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекет дүйнө жүзүндө жыл сайын болуп жаткан табигий кырсыктардын бирине даяр эмес болуп чыкты жана ага бул «Катрина» бороонунун эбегейсиз күчү гана эмес, өлкө жетекчилиги ага даяр эместиги жана андай коркунучту көңүлгө албаганы да себеп.

XS
SM
MD
LG