Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Сурак берип жаткан экс-премьер-министр өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет жасады


БИШКЕК. 6-сентябрда Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Николай Танаев кыргыз-казак чегиндеги «Акжол» чекара бекетинен өтүү аракети учурунда чек ара кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу ушул эле күнү Башкы прокуратурадан маалымдашты. Чек ара бекетинде премьер-министрдин кармалгандыгы боюнча протоколдор түзүлүп, ал камакка алынды. Башкача айтканда, буга чейин Жогорку Кеңештин бир нече депутатынын кепилдиги менен үй камагында отурган Николай Танаевге эми баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Анын адвокаты Максим Максимович бул күнү «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Танаев качып кетүү ниетин көздөгөн эмес, бирок анын катачылыгы бир күнгө Алматы шаарына кетип жаткандыгы тууралуу тергөөчүлөргө эскертип койбогондугунда болду. Максимович билдиргендей, Николай Танаев Улуттук коопсуздук кызматына камакка алынып келинди. Адвокаттын пикиринде, экс-премьер-министрдин кармалып, камакка алынышы негизсиз. Максимович Танаев этникалык орус болгондугуна байланыштуу анын камакка алынгандыгы жөнүндө Орусия өкмөтүн кабардар кылгандыгы жөнүндө да айтты.

XS
SM
MD
LG