Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Орусия Думасы кыргызстандык атуулдардын укуктары тууралуу мыйзам кабыл алууну көздөөдө


БИШКЕК. Учурда Орусияда жашап иштеп жүргөн атуулдардын укугун коргоо маселеси кыргыз президентинин орусияга иш сапары учурунда башкы темалардын бири болду. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Борис Грызловдун маалыматына караганда, октябрь айында Орусия думасында миграция тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынат. Ага ылайык Кыргызстандык атуулдар жергиликтүү бийликке кандайдыр бир өлчөмдөгү салык төлөө менен Орусиянын аймагында ээн эркин жүрүүгө жетишет. Бул тууралуу журналистерге президенттик админстрациянын тышкы байланыштар боюнча бөлүмүнүн башчысы Аликбек Жекшенкулов 7-сентябрда өткөн маалымат жыйынында кабарлады.

XS
SM
MD
LG