Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

Орусия Кыргызстанга кайтарымсыз жардам берүүнү убада кылды


БИШКЕК. Орусиянын Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлиги Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө бир тик учак бере турган болду. Ошондой эле Москва өкмөтү кыргыз бийлигине соода үйүн курууга Москва шаарынын борборунан жер участогун бөлүп берет. Бул тууралуу президент Курманбек Бакиевдин Орусияга болгон иш сапары учурунда макулдашылды. Президенттик админстрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Аликбек Жекшенкуловдун кабарлоосуна караганда, мындан сырткары Орусия Бишкектеги Кыргыз-Орус-Славян университетинин алдында оорукананы бүткөрүү үчүн 30 миллион рубль акча бөлүп бере турган болду.

XS
SM
MD
LG