Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Казакстан АКШга канча миллион доллар жардам берди?


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев АКШнын мурдакы президенти Билл Клинтон менен өлкөдөгү СПИД илдетине каршы күрөшүүнү жакшыртууга милдеттендирген келишимге кол коюшту. Казакстан эми Клинтон башындагы атайын фонддун мүчөсү болуп калды. Фонд 40тан көп өлкөнү СПИД вирусун аныктоочу жабыдуулар жана дары-дармектер менен арзан баада камсыздайт.

Н. Назарбаев АКШдагы табигый кырсыктан жабыркаган элге көмөктөшүүчү фондго акчалай жардам берди. Жардамдын суммасы айтылбады. Жаңы фондду Клинтон менен экс-президент Жорж Буш түзүшкөн.

XS
SM
MD
LG