Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

ӨСПҮРҮМДӨРДҮН ӨКҮТТҮҮ ТАГДЫРЫ


1-сентябрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айылындагы өспүрүмдөр колониясынын тарбиялануучулары, аталган колониянын жетекчилигине нааразылык билдиришип тополоң чыгарышкан. Жыйынтыгында баш аламандыкты уюуштурууга аракет кылган 7 өспүрүмдү Бишкектеги убактылуу тергөө абагына алып келип камашкан. Камалган балдардын ата-энелери аликүнчө балдары менен жолугуша албай, Жазаны аткаруу башкармалыганан тыңгылыктуу жооп ала албай убаракерчилик тартып жатышканын билдиришти.

Панфилов районундагы Вознесеновка айылындагы №14-өспүрүмдөр колониясында учурда 130га чукул жаш өспүрүмдөр жаза мөөнөтүн өтөөдө. Аталган колониянын башчысы Самарбек Рысалиевдин айтымында, 1-сентябрда колониянын тарбиялануучулары тополоң чыгарышып, бөлмөлөрдүн терезе-каалгасын, эмеректерди талкалашкан.

- Мен өспүрүмдөр кoлониясына жаңыдан жетекчи болуп дайындалгам. Бул жерде күн тартиби, колониянын ички тартиби жолго коюлбаптыр. Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан тарбиялануучулар каалаганындай басып, өз билгендерин жасап, көзөмөлдөө-кароол пунктуна топурап келген учурлар болду. Убактылуу кармоочу жайга ээн-эркин кирип-чыгып калышыптыр. Мыйзам чегинде күн тартибин киргизип, ички тартип, тазалык, тарбиялоо иштерин колго ала баштаганыбызда, бир нече балдар нааразылык билдиришип, тополоң чыгарышты.

Ал ошондой эле колонияда дагы тополоң чыгып кетпеши үчүн баш-аламандыкты уюштурган деген шек менен камалган 7 өспүрүмдү Бишкектеги №1-тергөө абагына убактылуу жеткиришкенин билдирди. Алардын ата-энеси колонияга келип келтирилген материалдык чыгымдарды калыбына келтирип беребиз, деп убада кылышканын белгиледи.

Рысалиевдин айткандарын Жазаны аткаруу башкармалыгынын басма сөз катчысы Сергей Сидоров да тастыктады. Анын айтымында, Бишкектеги №1-тергөө абагына кармалган 7 бала колонияда массалык баш аламандыкты уюуштурууга аракет кылган. Аларды тергөө абагына алып келүү маселеси Башкы прокурордун орун басарынын катышуусунда, мыйзам чегинде чечилген.

Ал эми камоого алынган балдардын бири Чингентаев Алмаздын апасы Салима Ичкентаева буларга токтолду:

- Биз 1-сентябрда уккан жокбуз. 3-сентябрда бир аял телефон чалып Алмазды Бишкектеги тергөө абагына алып кетти деди. Бишкек СИЗОсуна барсак анын башчысы жооп бербейт. Жазаны аткаруу башкармалыгына келип, окуянын чоо жайын уктук. Тополоң болуп балдарыңарды Бишкекке алып келдик деп, жарытылуу жооп беришкен жок.

Анын айтымында, №14-өспүрүмдөр колониясынын жетекчилиги балдарды кысымга алуудан тополоңдун чыгышы мүмкүн. Ал эми №1-тергөө абагына камалган Бакыт Мусаевдин апасы Фарида Мусаева болсо мындай дейт:

- №14-колониянын мурдакы жетекчисине балдар нааразылык билдиришип, “маршировканы” алдырышкан.Ушул жылдын июнь айында нааразылык билдиришкен 10 баланы чоң адамдар үчүн жаңы салынган абакка которуп жиберишкен. Анан калган балдар тынч эле жазаларын өтөп жатышкан. Колонияга жаңы жетекчи келип, жаңы мыйзам чыгарып, балдарды кысып жиберишсе керек. Балдар андайды көтөрө албайт.

Вознесеновкадагы №14-өспүрүмдөр колониясындагы тополоңдун себептери жана 7 баланы эмне үчүн Бишкектеги тергөө абагына алып келгенин билүү максатында Жазаны аткаруу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Батыр Сапарбаевге кайрылганыбызда жооп берүүдөн баш тартты:

- Жок. Болбойт. Начальник келсин. Ал өзү келип комментарий берсин.

Ал эми камактагы Бакыттын апасы Фарида Мусаева буларды белгиледи:

- Мыйзамга ылайык, балдардын тартип бузгандыгы тууралуу колониянын жетекчилиги биринчи бизге билдириши керек эле. Биз мыйзамдуу өкүлү болгондон кийин жашы жете элек балдарды бизсиз сурак жүргүзүүгө акылары жок. Ишемби күнү тамак-ашын алып Бишкек СИЗОсуна алып барсам, киргизбей коюшту. Абактын жетекчиси сөзгө да келген жок. Кечээ Жазаны аткаруу башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Батыр Сапарбаевге барсак, ”булар адам эмес, булар киши эмес. Буларды жоготобуз. Моюнуна дагы төрт-беш жылды илебиз.Биз атайын ушул борборлоштурулган абакка алып келдик”, деди. “Булар балдар да, чоңдордун абагына эмне алып келдиңер, өспүрүмдөрдүн өздөрүнүн тергөө абагы бар эмеспи”, деген дооматыбыз жоопсуз калды.

XS
SM
MD
LG