Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Украинада премьер-министр кызматтан алынды


Украина президенти Виктор Ющенко министрлер кабинетинин башчысы Юлия Тимошенкону кызматтан бошотту жана Юрий Ехануровго жаңы өкмөттү түзүүнү буйруду. Бүгүн эле вице-премьер Николай Томенко кызматтан кеткен. Себебин Томенко президент Юшенконун кеңешчилер чөйрөсүндөгү коррупцияга жооп бергиси келбегени менен түшүндүргөн. Удаа эле Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Петро Порошенко да жогорку бийликтеги коррупцияны тергөөгө жолтоо болбоо үчүн, кызматын токтоткон. Ишемби күнү Мамкатчы Александр Зинченко мартабалуу чиновниктерди, анын катарында Порошенкону жемсөөлүккө катышты деп, кызматтан кеткен. Ал эми Украинанын Улуттук коопсуздук кызматы өлкөнүн бажы кызматынын башчысы Владимир Скоморовскиге каршы кылмыш иши ачылганын билдирди.

XS
SM
MD
LG