Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Аба ырайы


БИШКЕК. 9-сентябрда Кыргызстандын аймагы боюнча сейрек булут каптап турат. Айрым облустарда жаан жаайт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +21...+26 градус жылуу. Талас дубанында түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25 градус. Жалалабат, Ош, Баткен чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +16...+21 градус жылуу болсо, күндүз +28...+33 градус ысык болот. Ал эми Ысыккөл ойдуңу боюнча түнкүсүн +9...+14, күндүз +19...+24 градус. Нарында түнкүсүн +7...+12, күндүз +22...27.

Ордо калаа Бишкекте өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, ал эми күндүз +24...+26 градус жылуу болушу күтүлөт деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Кабарлар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG