Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:50

Өкмөт башчы АКШнын жаңы элчиси менен жолукту

БИШКЕК. 8-сентябрда АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Мари Йовановичти өкмөт башчы Феликс Кулов кабыл алды. Жолугушууда өкмөт башчы элчини өлкөнүн саясий-экономикалык абалы менен тааныштырып, ар тараптуу колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн АКШ өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. АКШнын Кыргызстанга жаңы дайындалган элчиси Мари Йованович 30-августта ишке расмий киришкен. Ал эми 7-сентябрда элчи Кыргызстандын саясий чөйрөсүнүн, жарандык коомдун жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушкан.
XS
SM
MD
LG