БИШКЕК. 2006-жылы Кыргызстанда электр кубатынын кымбатташынан калктын аз камсыз болгон катмарын коргоо үчүн бюджетте 300 миллион сом каралууда. Бул тууралуу 7-сентябрда каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, электр энергиясына бааларды теңдөө Эл аралык валюта кору менен макулдашылды. Маалым болгондой Кыргызстанда электр энергиясына тарифтер атуулдардын аны пайдалануусунун көлөмүнө жараша айырмаланат. Ошондой эле өнөр жай ишканаларына да өзүнчө тарифтер каралган.