Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:57

Улуттук банктын төрагасы Башкы прокурордун баш коргоо чарасына макул эмес


БИШКЕК. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов башкы прокуратуранын айыбын мыйзамсыз жана негизсиз, ал эми баш коргоо чарасын Улуттук банктын ишин башаламандыкка алып барууну көздөөчүлүк деп санайт. Мындай пикирин ал «АКИпресс» агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Ага Башкы прокуратура “кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян алып келген жана бирөөнүн мүлкүн талап-тоноого катышкан” деген айып тагууда. Башкача айтканда, Сарбанов 1999-жылы Улуттук банктан 400 миң доллар акчаны каржы министрлигинин кепилдиги астында өкмөт үйүнө алып барып берген. “Акчаны Аскар Акаевдин колуна берди деген дооматка мен кошулбайм жана Баткен окуясына байланыштуу ак үй сураган акчанын башка максатка колдонулуп кеткендигин билген эмесмин” - деди Сарбанов.

Башкы прокуратура Сарбановго 2-сентябрда үйдөн чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасын берген.
Башкы прокуратура ушул эле күнү аталган баш коргоо чараны эң жумшак чара деп, ал эми Сарбановдун маалымат жыйынын кылмыш иши сотто каралар алдында элдин башын айлантуу катары сыпаттады.

XS
SM
MD
LG