Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Феликс Куловдун интервьюсуна түзөтүү берилди


БИШКЕК. Премьер-министр Феликс Кулов «Кара ниет күчтөр Кыргызстандын түштүгүндө атайын даярдыктан өткөндүгүн» эч качан бышыктаган эмес. Мындай билдирүүнү өкмөттүн маалымат кызматы «АКИпресс» агенттигине жооп иретинде таратты. Би Би Си радиосуна өкмөт башчынын 6-сентябрда берген интервьюсуна таянган агенттик кара ниет күчтөр Кыргызстанда даярдалгандыгын Кулов жокко чыгарбай тургандыгын жазган. Маалымат кызматынын түшүндүрмөсүнө караганда, Кулов интервьюсунда кошуна өлкөдө кырдаалды курчутуш үчүн кара ниет күчтөр Кыргызстан аймагын пайдалануусуна жол бербөө зарылдыгын белгилеген. Андан мурдараак Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Анжиян окуясын уюштургандардын бир бөлүгү Кыргызстанда даярдалгандыгы тууралуу маалымат тараткан.

Ал эми тышкы иштер министринин орун басарынын милдетин аткаруучу Эркин Мамкулов Анжиян окуясынын булагын кошуна мамлекет башка жактан эмес, өз «үйүнөн» издөөсү жөндүү экенин белгилеген. Кыргызстанда террорчул күчтөрдү даярдоочу эч кандай база жок экендигин жана ага жол берилбей тургандыгын буга чейин коргоо министри Исмаил Исаков жана Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Вячеслав Хан да билдирген.

XS
SM
MD
LG