Президент Хосни Мубарактын тогуз атаандашынын ичинен эң белгилүүсү болгон Айман Нур кечээки шайлоодо эреже бузуулар көп болгондугун айтып, аны кайра өткөрүүгө чакырган эле. Бирок Президентти Шайлоо комиссиясынын маалымат катчысы Осама Аттавия комиссия бул талапты карап чыгып, аны четке какканын бышыктады.