Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

ФИАККОНИ БОШОДУ, БИРОК ТЕРГӨӨ УЛАНУУДА


5-сентябрда камалган италиялык ишкер, «Айчүрөк» акционердик коомунун башчысы Жоржио Фиакконини Октябрь райондук соту бейшемби күнү кечинде камактан бошотту. Ага Кыргызстандагы эл аралык ишкер кеңештин эки өкүлү, Жогорку Кеңештин эки депутаты кепилдик беришти. Ал эми Бишкек шаардык прокуратурасы ишкерге байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергөө уланып жаткандыгын жума күнү кабарлады.

Кыйла жылдан бери Жоржио Фиаккониге Кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча айып тагылып жатат. Ага ылайык, Фиаккони бирөөнүн чоң өлчөмдөгү мүлкүн уурдоо, кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма документ колдонуу жана сот чечимин аткаруудан баш тартуу фактылары боюнча күнөөлөнүүдө. Башкача айтканда, айыптоочу тарап ишкер «Айчүрөк» дүкөнүнө жабдык ташууда документ жасаган, ал аркылуу акционерлерге моралдык жана материалдык чыгым алып келген, деп эсептейт. Мындан тышкары ал жетектеген «Кэвитал» фирмасы сот аныктаган 795 миң сом салыкты төлөй электиги белгиленүүдө.

Буга байланышкан кылмыш иши 20-июлда козголуп, ишкерге 4-августта шаардан чыкпоо чечими чыккан. Бирок бул аралыкта ишкердин чет өлкөгө чыгып келиши 5-сентябрда анын камакка алынышын шарттады. Шаар прокурору Учкун Каримовдун айтымында, чет өлкөлүк ишкер өзүнүн сапарын мыйзамды билбегендиги менен түшүндүргөн:

- Биз баш коргоо чарасын колдонуп жатканда ал жерде адвокат менен котормочу документтерге кол коюшкан. Мыйзамды билбегендик кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Чет өлкөлүк ишкерге тагылып жаткан кылмыштын артында эч кандай саясат жок. Анын аракеттеринде мыйзам бузуулар бар экендиги «Интерпол» аркылуу да далилденди, дейт шаар прокурору Учкун Каримов. Ишти тергеп жаткан каржы полициясынын тергөөчүсү Майрамбек Жумабековдун маалыматы боюнча «Интерпол» аркылуу иликтөө иштери 2002-жылы башталып, анын жообу Италиядан быйыл апрелде келген. Ал жердеги иликтөөлөр ишкердин мекенинде да ага байланыштуу кылмыш ишинин козголушун шарттаган:

- Италияда кылмыш жок фирмага фактура эсебин жибергени үчүн козголгон. Тергөө бүткөндөн кийин бизге жооп беришти.

Фиакконинин иши Италияда «Айчүрөктүн» акционерлеринин арызына ылайык, Европарламенттин берген тапшырмасынын негизинде териштирилген. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча эми коюлуп жаткан айыптар далиденген шартта Фиаккониге 20 жылга чейинки жаза мөөнөтү чектелиши мүмкүн.

Мындай жазага анын Италиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу экендиги да таасир эте албайт. Тышкы иштер министрлигинин түшүндүрмөсүнө караганда, консулдук кызматкерди чет өлкөдө кармоого, камоого жол берилери Вена Конвенциясында көрсөтүлгөн. Бул тууралуу шаар прокурорунун орун басары Кубан Абылов мындай деди:

- Вена конвенциясынын 63-беренесинде ал кармалышы, камакка алынышы ыктымал деп жазылып турат. Ошондуктан, ал сый көрсөтүш керек (өлкөгө). Биз тараптан сый көрсөтүлгөн. 4-августта баш коргоо чарасы анын чет өлкөлүк экендигин, курагын, ден соолугун эске алып, эч жакка кетпөө жөнүндө кабыл алынган.

Жоржио Фиакконинин арызын караган Октябрь райондук соту да 5-сентябрда камакка алынган ишкерди бошотуу чечимин чыгарарда да ден соолугун, жаш курагын эске алды. Мындан тышкары чет өлкөлүк эки ишкер – Кыргызстандагы ишкер кеңештин башчысы Дэвид Грант, кеңештин мүчөсү Эдуард Рауш, Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Гаипкулов жана Махамаджан Мамасаидов Фиакконинин милдетин алаары тууралуу тил кат беришти. Алардын бири, депутат Искендер Гаипкулов италиялык ишкердин качып кетүү ыктымалдыгын жокко чыгарды. Анын пикиринде, сот мойнуна коюу ыктымалдыгы бар каражаттан анын Кыргызстанда жүгүртүүдөгү каражаты алда канча басымдуулук кылат.

Анткен менен Фиакконинин жагдайы, мындан аркы аракеттери тууралуу расмий түшүндүрмө бериле элек. Адвокаттардын бири Татьяна Черникина буларга токтолду:

- Мен иш аяктаганга чейин кандайдыр бир бүтүм чыгарып, түшүндүрмө берүүнү жактабайм. Анткени, бул менин жактоочумдун ишине зыян келтирип коюушу мүмкүн.

Ушул эле күнү Жоржио Фиаккони келерки аптада маалымат жыйынын уюштурары тууралуу анын кеңсесинен кабарлашты.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG