Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:19

НЬЮ-ОРЛЕАНДЫКТАР ШААРДЫН КЕЛЕЧЕГИНЕ ИШЕНЕТ


АКШда “Катрин” ураганы талкалап-бүлүндүргөн Нью-Орлеан шаарынын 60 пайызы ылай суу каптаган бойдон. Бийликтегилер тарыхы жана маданияты өзгөчө шаарды кургатып, калыбына келтирүүгө айлар, атүгүл жылдар кетет деп эскертүүдө. Ошентсе да, джаз музыкасынын бешиги саналган Нью-Орлеан шаары келечекте кайрадан жаркырап-жанаарына ишенбей кое албайсың.

Ылайланган сасык суу каптап, астында бактысыз жашоочуларынын өлүгү жаткан Нью-Орлеан шаары – АКШдагы эң өзгөчө жайлардын бири. Ар бир кафе-ресторанда дал ушул шаарда жаралган джаз музыкасы жаңырган Нью-Орлеан ар башка раса, улуттар аралаш жашаган, мафия гүлдөп өскөн кооптуу жай катары атагы чыккан.

Деңиз деңгээлинде жайгашып, бир тарабын Миссисипи дарыясы, дагы эки жагын Мексика куймасынын суулары жууп турган шаардын жашоочулары экологиялык коопсуздук жөнүндө сөз болгондо каткырып күлүп, тегерете курчап турган бийик дамбаларды бейкапар көрсөтүп коер эле.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун директорунун орун басары Жойс Дэвис дал ушул Нью-Орлеан шаарында туулуп өскөн.

- Мен билген Нью-Орлеан шаары, кантсе да ошол жерде чоңойбодумбу, өтө татаал шаар. Ал жерде биз үчүн жагымдуу нерселер – мыкты тамак-аш, кызыктуу музыканын баары бар. Темирден кооздолуп салынган балкондору, Франция, Испаниянын колониялык таасири архитектурасында даана байкалган кооз шаар.

Девис айым айткандай, Нью-Орлеан шаары жайгашкан Луизиана штаты бир кездери Франциянын, андан кийин Испаниянын карамагында болуп, 1800-жылы француз императору Наполеон бул ири аймакты АКШга сатып ийген. Француздар, испандар, африкалыктар, карибдиктер аралаш жашаган шаардын өзгөчө тарыхый жагдайларына Жойс мындайча токтолот:

- Джаз музыкасын шаардын африкалык тургундары жаратышкан. Көпчүлүгү кул катары алынып келинген алардын көбү ушул күндөргө чейин өйдө көтөрүлө албай келатканы келаткан. “Квартал” деп аталган жерге барсаңыз, малайлардын кайгылуу тарыхынын тирүү эстеликтерин көрө аласыз. Кичинекейимде чоң энем менен басып баратканымда, “имараттын ичинде кулдардын ыйлаганын уксаң” деп айткандары эсимде.

Эмне үчүн джаз музыкасы дал ушул шаарда жаралып калган? – деген суроого Жойс төмөндөгүдөй жооп узатат:

- Кулчулукта күн көргөн африкалыктар башынан өткөргөн азап-тозогун музыкада чагылдырышкан. Жан дүйнөдөн чыккан кадимки африкалык музыка диний, чиркөөлөрдө ойнолчу обондор менен айкалышып, андан блюз жанры келип чыккан. Улам кийинки африкалык тургундар блюзду байытып отуруп, джаз агымы пайда болгон. Джаз – Нью-Орлеандын руханий пайдубалы десек болот.

Азыр эми нью-орлеандыктар жаратылыш кырсыгы жөнүндө сөз болгондо көзүнөн жаш агызбай кое алышпайт. Бирок ар нерсенин эки жагы бар дегендей, 1990-жылдары көпчүлүк билимдүү, жөндөмдүү африкалыктардын агымына кошулуп, Нью-Орлеандан башка жакка бакыт издеп кеткен Жойс бул жолку ири алаамат шаарды өнүктүрүп жандантууга чоң түрткү боло алат деп ишенет.

- Нью-орлеандыктар азыр абдан татаал суроолорду коюп жатат. Эмне үчүн ушундай абалга жеттик? Кандайча биз баарына көз каранды болуп калдык? Керт башыбызга камкордук көрүп, кырсык жакындап калганда көчүп кетүүгө чамабыз жетпедиби? – деген суроолор актуалдуу болууда. Дал ушул суроолор шаарды алдыга жылдырышы мүмкүн. Көп жагынан артта калган Нью-Орлеан шаары эми чындап ХХI кылымга кадам ташташы керек.

Жойс Дэвис өзү туулуп-өскөн шаар кайрадан тирилип, келечеги кең болооруна ишенет. Ал жаратылыш кырсыгы тышта жүргөн миңдеген нью-орлеандыктарды бириктирип, туулуп-өскөн шаарын кырсыктан куткарып чыгып, тез арада өнүктүрүүгө дем берип жатканын айтат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG