Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:06

Анжиян окуясына кыргыз атуулдары да катышканбы?


БИШКЕК. Башкы прокуратура тарабынан 13-14-майдагы Анжиян окуяларына катышы бар деген күнөө коюлган Кыргызстандын үч атуулу бүгүнкү күндө Ошто кармалууда. Алардын бирөөсү убактылуу абакта кармалса, калган экөө үй камагында. Бул тууралуу 9-сентябрда Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти. Июнь-июль айларында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргызстандын 39 атуулунун үстүнөн кылмыш материалдары Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жиберилген. Ал материалдарда кыргызстандык 39 атуул мыйзам бузуу менен кыргыз-өзбек чекарасынан өтүп, май айындагы Анжияндагы массалык башаламандыкта ошол жерде болушкандыгы айтылган. Бул материалдар боюнча калган атуулдарга байланыштуу да тергөө иштери Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча алардын ысымдары аталбайт.

XS
SM
MD
LG