Анын ырасмий жыйынтыгы эртең жарыяланат. Бирок өкмөттүк гезиттер президент Хосни Мубарактын жеңип чыкканын жарыялашты. Бейырасмий маалыматтарда Мубаракты колдоп шайлоочулардын 89 проценти добуш бергени айтылат.Оппозициянын негизги талапкери Айман Нур добуш берүү бардык жерде мыйзам бузуулар менен өткөнүн белгилеп, кайта шайлоо өткөрүүгө чакырды. Борбордук шайлоо комиссиясы бул чакырыкты четке какты.