Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

УКУРУГУМ ДОЛОНО – КОРРУПЦИЯ ЖОЛОБО


Жаңы өкмөт коррупциянын тамырын кыркууну негизги экономикалык программасы катары жарыя кылды. Милдетти ишке ашыруунун бир жолу катары ал бюрократиялык аппаратты кыскартуу, экономикалык эркиндикке шарт түзүү, пара албаган жетекчилерди кызматка дайындоо демилгесин жактырууда. Анткен менен азырынча коррупцияга негиз түзчү жагдайлар жоюла элек.

Жаңы өкмөттүн башчысы Феликс Кулов өзү, үй-бүлөсү, командасы коррупциядан алыс болорун ушул айдын башында парламент депутаттарынын алдында жарыя кылды. Ага улай эле президенттик акимчиликтин жетекчиси Үсөн Сыдыков кийинки кездеги дайындоолор кадрлардын иш билгилигине жараша болуп жатканын белгилеп, кызмат орун акчага сатылбасын маалымдады:

- Кыскасын айтканда, кадр боюнча туура эмес ойлор, «кичине тыйын алып коет, тигиндей-мындай» деген сөздөр. Мен айтып коеюн, өзүм жөнүндө айтсам, болбосо президенттик структура, президент баш болуп биз эч качан абийирибизди тыйынга саткан эмеспиз. Мен дайыма айтып келгем, мына дагы радиодон айтып коеюн.

Азырынча өз командасын түзө элек Ф.Куловдун кескин билдирүүсү болочок өкмөттүн убадасы катары кабылданууда. Анын үстүнө 24-марттан бери эле жаңы бийлик жетекчилери үй-бүлөсүн саясатка аралаштырбай тургандыгын, аялын үйдө отуругузуп, жакындарына жан тартпастыгын дамамат айтып келатышат. Бул арада жаңы президенттин иниси Германияга элчи болуп дайындалышы мүмкүн экендиги кабарлана баштады.

Айтса, башкаруу ишине жаштарды арбын тартууга кызыкдар экенин кайталоодон тажабаган Ф. Кулов өкмөттүн аппарат жетекчилигине Н. Касиевди дайындады. Жаңы бийликтин мындай аракетин Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын жетекчиси Жыпар Жекшеев элдик ыңкылаптын аякташы деп түшүндүрөт:

- Мен дайым айтып келатам. Эгер революция болсо ал аягына чейин уланышы, коюлган милдеттер аткарылышы керек болчу. Ыңкылап 7-кабатка чыккандан кийин бүттү деп, чекит коюлуп калды.

Коррупцияга каршы аеосуз күрөш ачылганы А. Акаевдин бийлиги тушунда деле көп айтылчу, андайга малынгандарды айкөл Манастын арбагы уруп кетери эскертилчү. Тек бул ирет коррупцияга үй-бүлөнү аралаштырбоо демилгеси кошулуп, маселе кадимкидей саясий өң-түс алып чыга келди.

Парламент депутаты Кубатбек Байболовдун ырасташынча, мамлекеттик кызмат материалдык туйтунуунун эң ыңгайлуу формасы болуп калган.

- Чиновник деген бизнестин өзүнчө бир түрүнө айланбадыбы. Мына азыр кимдер бай? Чиновниктер бай. Ишкерлер бай эмес. Алар тың эмес. Тыңдар – чиновниктер. Эң чоң кызмат ээлеп турсаң - ошол чоң бизнес, кирешелүү бизнестин чордону ошол жакта.

Белгилүү ишкер Өмүрбек Абдырахманов коррупцияга ириде мамлекеттин өзү шарт түзүп, өз алдынча иш жүргүзгүсү келген адамдын алдына толгон-токой бюрократиялык тоскоолдорду орнотуп коет дейт:

- Азыркы система менен коррупцияны эч жогото албайт. Буга коррупцияны жасаган адамдар күнөөлүү эмес, мамлекет өзү күнөөлүү. Анткени мамлекеттик чиновникти ачка кылып колуна торду, кайырмакты карматып коюп коет. Анан алар бизге окшогон «балыктарды» жебегенде кимди жейт, өзү ачка болсо. Бу коррупцияны мамлекет өзү түзөт деп түшүнүшүбүз керек. Ошол коррупциянын системасын өзгөртүүгө болгон аракеттерди көрбөй жатам. Көп ведомстуктар, министрликтер турушат, ошолордун уруксаты менен иштейбиз күнүгө. Ошолордун бир кагазы жок иш кыла албайсың. Курулуш да кылалбайсың.

Айрым байкоочулардын айтымында, өкмөт башчы менен президенттин үй-бүлөсүн, командасын коррупцияга аралаштырбоо демилгеси жүрө-жүрө жергиликтүү бийлик жетекчилерине өтүп, жакын арада алар да эл алдында «тазалык убадасын» бере башташы ыктымал.

XS
SM
MD
LG