Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Азия өнүктүрүү банкынын миссиясы келет


БИШКЕК. 12-сентябрда Кыргызстанга Азия өнүктүрүү банкынын миссиясы келет. Сапар учурунда Кыргызстан бийлиги менен 2006-2008-жылдарга кредит жана техникалык жардамдар жөнүндө сүйлөшүүлөр болот. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Азия өнүктүрүү банкынын миссиясы президенттик администрация жана өкмөт мүчөлөрү менен жолугушат. Визиттин соңунда кыргыз өкмөтү менен миссия өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшат.

XS
SM
MD
LG