Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:13

Министрдин жубайы гезитти сотко берди


БИШКЕК. Транспорт жана байланыш министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбековдун аялы Светлана Тыныбекова “Московский комсомолец в Кыргызстане” гезитин сотко берди. “Гезиттин быйылкы 4-майда жарыяланган макала ар-намысыма, ишкердик беделиме шек келтирди” дейт “Кутжол” деп аталган транспорттук ишкананын жетекчиси Светалана Тыныбекова. Ал Биринчи май райондук сотуна арыз жазып, 500 миң сомду гезиттен эмес, атаандаш ишкана болгон “Ак-жол” ишканасынын жетекчиси Дүйшөн Сооронбаевден өндүрүп берүүнү өтүндү. Жакынкы күндөрү Свердлов райондук сотунда аталган гезитке каршы дагы бир иш каралат. Нааразылык чарасында турган темир жолчулар гезиттин ээсинен, редакторунан, журналисттерден жана алар отставкасын талап кылып келген Нариман Түлеевден 5 миллион сом өңдүрүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG