Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Таласта “Хизб-ут Тахрирдин” китепчелери таратылууда


ТАЛАС. Мындан бир нече күн мурда Талас шаарынын жашоочуларынын үйлөрүн кыдырып жүрүшкөн жаш жигиттер элге “Хизб-ут Тахрир” диний уюмунун 23 беттен турган кыргызча, 29 беттен турган орусча китепчелерин таратышкан. Китепченин эң соңку барагында 2005-жылдын 2-сентябры деген дата коюлуу. Китепчеде 1924-жылдын 3-мартында Британия башында турган капырлар араб жана түрк саткындарынын жардамы менен халифат мамлекетин жок кылууга жетишкендиги жазылат. Ошол мезгилден баштап дүйнөдө исламды, мусулман калкын жок кылуу саясаты күчөп бараткандыгы, ага каршы күрөшүү чакырыгы айтылат. Улуттук коопсуздук кызматынын да, облустук жана Талас шаардык ичик иштер бөлүмүнүн да оперативдүү кызматы баракча, китепче тараткандардын бирин да кармай электигин 10-сентябрь күнү маалымдашты.

XS
SM
MD
LG