Грузияда 18 мамлекеттин 700 аскери катышкан аскерий машыгуу башталды. Эки жумага созула турган машыгуунун максаты - аскерлердин күтүүсүз кыйын учурларда жана террорчулукка каршы күрөштө эриш-аркак иштешүү тажрыйбасын бекемдөө. Машыгуу НАТОнун “Тынчтык үчүн тилектештик” программасынын алкагында жүргүзүлүп жатат.