Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:13

Аба ырайы


БИШКЕК. 13-сентябрда Кыргызстандын аймагы боюнча ала булут каптап турат. Жаан-чачын болбойт. Бир гана Нарын облусунун айрым жерлеринде жамгыр жаашы күтүлөт. Батыш тараптан мелүүн жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +8...+13, күндүз +25...+30 градус ысык. Талас облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +24...+29 градус. Жалалабат, Ош жана Баткен дубандарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +26...+31 градус. Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +18...+23 градус жылуу. Нарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27 градус.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы: түнкүсүн +11...+13, күндүз +27...+29 градус жылуу болот деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG