Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Сулайман Иманбаевдин иши сотко өткөрүлдү


БИШКЕК. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы С. Иманбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча материалдар сотко өткөрүлүп берилди. БШКнын мурдагы жетекчиси өлкөнүн Кылмыш кодексинин 304-беренесинин үчүнчү бөлүгү жана 305-беренесинин экинчи бөлүгү боюнча ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, кызматтык абалынан ашыкча пайдаланган деген күнөөлөр коюлууда. Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришкендей, тергөөнүн жүрүшүндө парламенттик шайлоо учурунда Бишкектеги №1-Университет округунан депутаттыкка талапкерлигин койгон Бермет Акаеванын үгүт өнөктүгү «Алга, Кыргызстан!» партиясы тарабынан мыйзамсыз каржылангандыгы тастыкталды. Тергөө иштеринде көрсөтүлгөндөй Башкы прокуратура Иманбаев шайлоо алдындагы үгүт иштери талапкердин шайлоо фондунан гана каржыланышы керек деген мыйзамдык норманы жакшы билсе дагы бул ишке көз жуумп койгон, деп эсептейт. Ал эми Сулайман Иманбанв өзүнө карата козголгон кылмыш иши негизсиз деген пикирде. Университет шайлоо окрунунан депутаттыкка өткөн Бермет Акаева март айындагы ыңкылаптан кийин соттун чечими менен депутаттык угунан ажыратылган.

XS
SM
MD
LG