Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

БРИТАНИЯДАГЫ МУСУЛМАН ЖАМААТТАРЫНЫН АБАЛЫ ООРЛОП БАРАТ


Британиядагы мусулман жамааттарда көпчүлүктүн иши жок, иштегендердин айлыгы төмөн, мектепте балдардын окуусу начар, энелери эшикпе чыкпай камалып отурушат. Мындай социалдык курч кырдаал терроризмдин жайылышына ыңгайлуу шарт түзүп жаткандыктан, британ бийликтери көбүнесе теги Пакистандан жана Бангладештен болгон жергиликтүү мусулмандар менен кандайча мамиле түзүүнүн жолдорун издешүүдө.

Акыркы 10 жылда Британиядагы мусулман жамааттары жалпы көрсөткүчтөн кыйла жогору өстү. Мусулмандардын кескин көбөйүшү алардын британ коомчулугунда башка элдер менен жуукташып, аралашып кетишине кедерги болуп, турмуштан каржалган жаштар экстремисттик топторго жеңил олжо болуп калабы деген чочулоону күчөтүүдө.

Лондондогу Араб-иран изилдөө борборун жетектеген Доктор Нуризаде британ жамаатары тууралуу мындай дейт:

- Мусулман маалелери өздөрү менен өздөрү, анда жашагандардын айрымдары англис тилин билишпейт да, сүйлөшпөйт. Дарыгери да, адвокаты да Пакистандан, ошондуктан өз жамааттарын айланчыктап, сыртка чыкпаганга көнүм алып алышкан.

Башка эксперттер да ушундай эле көз караштарын айтышууда. Доктор Давид Оуэн Ворвик Университетинде калкты изилдөө менен алектенет:

- Бул маалелерде элдин жыштыгы акыркы он жылда кыйла өстү. Бул мезгилде теги Пакистан, Бангладештен болгондордун саны кескин көбөйдү. Алардын турмуш деңгээли начар келип, белгилүү чектен чыкпай жашашат.

Доктор Оуэн башка чектөөлөр да бар дейт. Мисалы мааладен сыртта расалык кыр көрсөтүүгө туш болуудан, урук-туугандарынан, досторунан алыстап калуудан коркушат. Ошондой эле мечитке, өздөрү көнгөн азык-түлүктүн түрлөрүн саткан дүкөнгө жакын жашагылары келет. Анын үстүнө кийин келгендердин бир бөлүгү башка диндин өкүлдөрүнөн өздөрүн обочо туткан ислам сектасына мүчө. Кийинки 5-10 жылдан бери Британиядагы мусулман бүлөсүнө бүлө болуп келген кыз-келиндердин эсебинен да маалелердин тургундарынын саны өсүп, балдардын төрөлүшү көбөйгөн.

Доктор Нуризаде маалелерде аялдардын абалы айрыкча кыйын дейт:

- Аялдар элден таптакыр бөлүнүп калган. Көбүн Англияга бала төрөтүү үчүн алып келишкен. Алыскы айылдардан чыккан бул кыз-келиндер таптакыр бейтааныш коомго келишет. Кошул-ташыл болуп, күйөөлөрү аларды үйдөн чыгарбай, эч бир коомдук иштерге катыштырбайт.

Британиянын өкмөтү жана жалпы эле коомчулук мындай маалелердин обочодо калышын каалабайт, тилекке каршы 11-сентябрь окуяларынан кийин алардын изоляциясы ого бетер күч алды. Аталган топтордон айырмаланып, Британиядагы индустар менен сигхтердин арасында элге аралашып, маянасы жогору кызматтарга көтөрүлгөндөр көп. Ал эми турмуш деңгээли жогорулаган сайын, адамдар орун которуп, башка улуттар менен көбүрөөк аралаша баштайт.

Расмий статистикага ылайык, маалелерде жашагандардын дээрлик үчтөн бирин кирешеси төмөн бүлөлөр түзөт. Ак түстүүлөргө караганда жумушсуздук үч эсе жогору.

Доктор Оуэн белгилегендей, жашоосу жана билим алуусу жакшырса, алгылыктуу жумуш табууга да жеңил болот, бирок мектептерде адатта пакистандык жана бангладештик эркек балдар начар окушат. Доктор Нуризаде экономикалык маселерди чечүү менен катар, британ өкмөтү жамааттардын өкүлдөрү менен алакаларды жакшыртуу максатка ылайык болмок, деп кеңеш берет.

XS
SM
MD
LG