Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:26

“ЧЫНГЫЗХАН” КИНО ТАСМАСЫ БИШКЕКТЕ КӨРСӨТҮЛДҮ


Түркмөн элинин белгилүү кино чебери, кино режиссер Булaт Мансуров тарткан “Чынгызхан” кинотасмасы Бишкектеги “Октябрь” кинотеатрында көргөзүлдү. Аталган кино тасмага кыргыз актерлору, каскадерлору тартылган. Чыгармада адамзатка кайгы-муң алып келген баскынчылык, кызыл кыргын согушту болтурбоо маселеси көтөрүлгөн.

Советтик кино өнөргө зор салым кошкон түркмөн кинорежиссеру Булат Мансуровдун алгачкы «Жарыш» деген аталыштагы кинотасмасы 1964-жылы Бишкекте өткөн Ортоазия жана Казакстан кинофестивалында көргөзүлүп, биринчи орунга татыган. Андан бери 41 жыл убакыт өткөндөн кийин «Чынгызхан» кино тасмасынын бет ачарын Бишкекте өткөрүп, көрөрмандарга тартуулады.

Кинотасманын сценарийин Булат Мансуров жазып, кинону Төлөмүш Океев тартмак экен. Тилекке каршы, Океевди шум ажал күтүүсүздөн алып кетип, максатына жетпей калыптыр. Булат Мансуров баштаган ишти аягына чыгарып, кинотасманын көркөмдүк деңгээлин жогорку чеберчиликте ача алган. Чынгызхандын ролунда казактын чыгаан таланты Асаналы Ашымов ойногон. Ал эми белгилүү киноактер, маркум Болот Бейшеналиев Желменин образын жогорку чеберчиликте жаратып, анын уулу Азиз Бейшеналиев Батухандын ролунда өзүн атасындай таланттуу актер катары көргөзө алган. Кыргыздын дагы бир актеру Ашыр Чокубаев да кинотасмада белдүү ролдун бирин аткарса, каскадер маркум Үсөн Кудайбергенов жигиттери менен аттын кулагы менен тең ойноп, фильмдеги уруш-талаш сценаларын жандуу, кызыктуу жараткан экен.

Кинотасма менен Булат Мансуров ар кайсы диндеги, ар түрдүү улуттагы адамдар ортосундагы араздашууларды болтурбоо, адамзатка баскынчылык, согуш оор трагедия алып келерин ачып көрсөтүп, келечек муундар үчүн жер шарында тынчтык, достук мамилесин чыңдоо маселесин койот.

Тажикстандын белгилүү актер-режиссеру Довлат Худойназаров Булат Мансуровдун кинотасмаларына төмөндөгүдөй баа берди.

- Биздин ар бирибиздин жергебиздеги проблемаларды, жан дүйнөбүзгө бүлүк салган сезимдер Булат Мансуровдун кинотасмаларында чагылдырылган. Өткөн доордун 60-жылдары Ортоазиядагы элдерди басмачы, бай-манап, маданиятсыз, караңгы эл катары көрсөтүү аракети болгон. Ошондо Мансуров биринчилерден болуп “Жарыш” деген кинотасмасы аркылуу Ортоазия элдеринин кереметтүү каада-салтын, үрп адатын, улут өзгөчөлүгүн ачып чыккан. Мына “Чынгызхан” аркылуу согуш алааматынын кесепеттерин, майда улуттардын жок болуп кетүү коркунучун алдын ала айтып атпайбы. Азыр Ирактагы окуя, Балкан өлкөлөрүндөгү араздашуулардын артында канчалаган кайгы-муң калды.

Ал эми Советтик киноөнөрүнө зор салым кошкон Булат Мансуров учурда тарыхый жаңы киноэпопеяны тартып бүткөндүгүн билдирди:

- Жакында эле Евроазия элдеринин тарыхын камтыган жаңы киноэпопеяны тартып бүттүм. Анда Атилладан баштап, Чынгызханга чейинки тарыхты чагылдырдым. Тасмада Римдиктердин, Византиянын, түрк элдеринин, славяндардын тарыхына, маданият, үрп-адатына басым жасап, тарыхта бизге белгисиз барактарды ачып көрсөтүүгө аракет кылдым. Ал кинотасма жакында Орусияда көрсөтүлүшү күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG