Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:51

ПАРТИЯЛАР ПАРАДЫ, ТОНОЛГОНДОРДУН АРМАНЫ, УКРАИНА САБАГЫ ЖАНА “ПАПКЕ” ТАЛАШ


13-сентябрдагы өлкөнүн маалымат каражаттарында негизги тема президенттик администрациянын мурдакы жетекчиси Медет Садыркулов менен Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбановдун Баш прокуратурага сурак бериши, өкмөттүн курамы тууралуу талкуу маселелери болду.

13-сентябрдагы “Агым” гезитинде кабарчы Алишер Токсонбаев Карасуу базарындагы окуялардын тегерегинде өлкөнүн Баш прокурору Азимбек Бекназаров менен маектешкен. Анда Баш прокурор Абдалим Жунусовду өлтүргөн мыкаачылар сөзсүз табылаарын, буга Рысбек Акматбаевдин катыштыгы жоктугун, Жогорку кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин үстүнөн жазган бир дагы арыз жоктугун, анын артынан имиштерди айтышпай, азыр түшсө, дароо текшерилээрин айткан. “Карасуу базарына бир нече киши ээлик кылат экен. Арасынан Акүйдө, Жогорку Кеңеште жана сотто олтургандардын “кулагы” көрүнүп жатат. Буюрса, он беш күндөн кийин баарын документтештирип, базарды элдик деп жарыялатабыз да, базар башчысын мындан ары коомчулук шайлайт,” - деп жооп берет Баш прокурор Азимбек Бекназаров. Ал Ошондой эле жаңы бийликке дале акаевчилер келип жатышына сын айтып, “Арстанбек Ногоев 17-июнда элге каршы акция уюштурууга катышса да, аны Бишкекке мэр кылып шайлап алышты, акаевчил “Алга, Кыргызстан!” партиясынын жетекчиси Тынычбек Табалдиевди вице-мэрлик орунга олтургузушту, Накен Касиевге өкмөттүн аппаратын жетектетип коюшту, аталган фигуралар калк арасында сөзсүз нааразычылык туудураары шексиз,” - деп экс-президент Кыргызстанды бүлүккө түшүрүүгө тынбай аракет жасап жатканын белгилеген.

Ушул эле “Агым” гезитинде кабарчы Асыран Айдаралиев март окуясында морадерлордун курмандыгына айланган 400дөн ашык ишкерди бириктирген “Жапа чеккен ишкер-арендаторлор” коомунун төрайымы Бурулкан Усубакунова менен маек курган. Анда 6 айдан бери талап-тонолгон ишкерлерге өкмөт тарабынан жардам берилбегени тууралуу кеп уланат. “Убактылуу вице-премьер Данияр Үсөнов “15 миллион сомду Акаевдин жеп-ичкен булактарынан мамлекетке бурдук, 15-майдан баштап жапа чеккендерге төлөй баштайбыз,” деп жарыя кылганы менен анысынан дайын жок. Дагы бир вице-премьер Адахан Мадумаров “ИИМ тарабынан жабыр тарткандарга 3 млн. 600 миң сом кайтарып бердик. Ошондогу уурдап-тоноо боюнча 176 кылмыш иши козголуп, 83 адам жоопко тартылды” деген. Тилекке каршы, биз бир дагы кылмышкердин өңүн көрмөк түгүл, бирөөнүн аты-жөнүн угалган жокпуз. Жапа чеккендерге ЮСАИД тарабынан 700 миң доллар, Кемерово облусунун губернатору Аман Тулеев 300 миң сом жана өлкөдөгү ишембиликтен түшкөн акчадан 750 миң сом бөлүнгөнү маалым болду. Тилекке каршы ошол каражаттар жапа чеккендерге берилбей калганы өкүндүрөт,” - дейт “Жапа чеккен ишкер-арендаторлор” коомунун төрайымы Бурулкан Усубакунова.

“Агым” гезитинин кабарчысы Жеңишбек Эдигеев Аскар Акаевдин доорунда президенттик администрацияны жетектеген Медет Садыркулов жана Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов менен жолугуп, учурунда Аскар Акаевге берилген 500 миң доллардын чоо-жайы тууралуу сураган. Маектешүүдө айтылган алардын пикирлери тууралуу кабарчы Жеңишбек Эдигеев мындайча билдирет:

- Медет Садыркуловдун айтымында, ал кызматка киришкенде, анын кабинетиндеги сейфте 80 миң доллар бар экен. Ошол учурда Баткен коогалаңы болуп, президент Аскар Акаев “чукул арада акча тапкыла” деп Улан Сарбанов экөөнө тапшырма берген экен. Улуттук банктан Улан Сарбанов 420 миң доллар алып келип, ага 80 миң долларды кошуп, 500 миңди Аскар Акаевге Медет Садыркулов өз колум менен алып барып бергем дейт. Ал эми Аскар Акаев “андай акчаны алган да, көргөн да эмесмин” деп танып жатат. Журналисттик иликтөөлөр улантылууда.

13- сентябрдагы “Аалам” гезитинде баяндамачы Семетей Талас уулу Украинадагы саясый кырдаалга талдоо жүргүзгөн. Анда ыңкылапты бирге ишке ашыргандардын жолу экиге айрылып, бийлик талашуу, бирин-бирине көө жапмай болуп жатканы айтылат. “ Отставкага кеткен өкмөт башчысы Юлия Тимошенко “көмүскө” экономиканын түбүн казып, көөрүгүн күүлөйм деп жатып, Виктор Ющенконун айланасындагы олихархтардын бизнесине жолтоо боло баштаган. Көмүскө экономикадан 22 млрд. гривень же 4,5 млрд. доллар сууруп, бюджетке кошкону менен өзүнө-өзү “өкүм” чыгарган өндөнөт,” деп жазат автор.

“Ааламда” жарык көргөн “Партиялар парады” рубрикасындагы “Белестеги беш ыргай...” деген макаласы тууралуу журналист Аида Надырбекова буларды айтып берди:

- Мурдакы бийликтин учурунда катуу чыккан “Алга, Кыргызстандын” дайыны билинбей калды. Ал эми партия болгону бир ай толо элек “Кыргызстан элдик кыймылынын” туусу алдында өлкөдө ыңкылап да, президенттик шайлоо да өттү. Алар оппозициячыл партиянын башын бириктирип, Акаевдик режимге каршы турушту. Учурунда Урмат Барыктабасовдун аты теледен деле, үналгыдан деле байма-бай айтылып, ал жетектеген “Мекеним, Кыргызстан” партиясы мээге сиңип, далайды ойлонтту. Мээлеп аткан октой шуу этип жанып, чуу этип жок болду. Ал эми “Кыргызстан аялдарынын демократиялык партиясы”, демократияны аздектейбиз дегени менен деми чыкпай баратат. “Ата мекен” партиясы жоон ортодо. Жоош койдой, жулунганды да биле албай, бир калыпта тургандай.

13-сентябрдагы “Кыргыз туусу” гезитине Барскоон жана Аксы кырсыктарынан жабыр тарткандардын Бишкекте дарыланып жатканы, Казакстан парламентинин 10 жылдыгы жана 4-декабрда өтүүчү президенттик шайлоо тууралуу макалалар жарык көрдү. Ошондой эле облустардын жоюулушу тууралуу окурмандардын кайчы пикирлери да чыкты. “Кыргыз туусунда” Ош шаарынын мурдакы мэри Сатыбалды Чырмашевдин жер участокторун туура, калыстык менен бөлбөй койгону тууралуу да сын макала бар.

12-сентябрдагы “Вечерний Бишкек” гезити президент Курманбек Бакиевдин Америка Кошмо Штаттарына башталчу расмий сапары, анда белгиленген жолугушуу, иш- чаралар тууралуу маалымдады.

Ошондой эле ушул жумада өлкөдөгү жети министр кызматын тапшырып, өкмөттүн жаңы курамына ылайык, 4 министрлик жана үч вице-премьерлик жоюлаарын кабарчы Элвира Темир жазды. “Үсөнов менен Мадумаров отставкага кетеби?” деген макалада өкмөт башчысы Феликс Кулов менен президент Курманбек Бакиевдин ынтымагын ыдыратууга, ортосуна от жагууга аракет кылышкан эки убактылуу вице-премьерлердин “жоруктары” тууралуу сын пикирлер айтылат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG