Маскөөнүн айтымында, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму акыркы жылдарда коопсуздук жана кызматташуу багытында иштебестен, адам укуктары менен шайлоо маселелерине өтө эле көп көңүл бура баштады жана андай аракеттер кээде айрым өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүгө да айланып кетет. Орус жетекчилигин - уюмдун Варшава шаарында жайгашкан Адам укуктары жана демократия боюнча башкармалыктын аракеттери өтө тынчсыздандырат, анткени ал Башкармалык шайлоо өткөн мамлекеттерге өз байкоочуларын жиберип, добуш берүү аяктаары менен кеңири отчет чыгарат жана анда айрым учурдарда катуу сын айтылат.
Өзгөчө андай сынга мурдагы советтик жумурияттар татыйт, отчет дароо жарыяланып кеткендиктен болсо, ал өлкөлөрдүн оппозициялык уюмдары аны өзүнүн бийликке каршы күрөшүндө пайдаланат. Акыркы эки жылдын ичинде Грузия, Украина жана Кыргызстанда өткөн шайлоолор учурунда дагы уюмдун байкоочулары тарабынан ал өлкөлөрдүн бийлигине каршы катуу сын айтылган жана акыр-аягында бул үч мамлекетте шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылып, бийликке оппозиция келди. Жана андай бийлик алмашууга Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочулары көмөктөшкөндүктөн, аны бул мамлекетердин ички ишине кийлигишүү деп бааласа болот, дейт Маскөө.
Женева шаарындагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун шайлоо боюнча адиси Храйр Баляндын айтымында, Маскөө тарабынан айтылган сын таптакыр негизсиз:
- Бул үч мамлекетте өткөн шайлоолор тууралуу Адам укуктары жана демократия боюнча башкармалык акыркы ондон ашык жыл бою сын айтып келген, анткени добуш берүүлөр учурунда чындап эле көптөгөн мыйзам бузуулар менен бурмалоолор болгон. Бирок ал сынга бийлик дээрлик эч кандай көңүл бурган эмес, бурса да абалды оңдоо үчүн эч кандай аракет көрүлгбөөн жана Башкармалыктын сунуштарына сөз түрүндө гана жооп берилип келген.
Маскөөнүн айтымында, шайлоонун жыйынтыктарына баа берген отчеттор Башкармалык тарабынан дароо жарыяланбастан, ал Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун Вена шаарында жайгашкан Туруктуу кеңеште талкуулангандан кийин гана жарык көрүүcү керек. Бирок мындай сунушка Батыш мамлекеттери макул эмес, анткени Туруктуу кеңештеги чечимдер мунаса аркылуу гана кабыл алынат жана бир эле мамлекет кайсы бир чечимдин кабыл алынышын токтотуп салышы мүмкүн.
Вена шаарында өтүп жаткан жыйында коргонуу жана коопсуздук маселелери дагы талкууланууда, анткени Маскөө дагы бир нерсеге каршы. Уюм тарабынан мурда кабыл алынган чечимге ылайык, Европалык мамлекеттер өзүндөгү ири аскерий өзгөрүүлөр тууралуу башка мамлекеттерге алдын ала маалымат берүүгө тийиш жана өз аскерлеринин санын кыскартыш керек. Ошол чечимдин чегинде 1999-жылы Маскөө өзүнүн Грузиядагы эки аскерий базасын эки жылдын ичинде чыгарып кетүүгө убада берген, бирок ал убаданы эмгиче аткара элек.
Жыйында иштелип чыккан сунуштар - Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун тышкы иштер министрлеринин декабрда Любляна шаарында өтө турган жыйынында каралууга тийиш.