БИШКЕК. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук милициясы борбордогу Улан кичи районуна жакын жерден жашырылган курал-жарак тапты. Бул тууралуу 13-сентябрда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, көгүлтүр түстөгү сумкадан эки автомат, бир карабин, граната, тапанча жана көптөгөн ок-дары, аскер дүрбүсү табылган. Милиция кызматкерлерине алгач курал тууралуу Бишкек шаарынын тургуну В. Исмаза маалымат берип, өз эрки менен бир тапанча, автомат, граната, ок-дарыларды тапшырган.
Куралдарды ага Борис жана Анвар аттуу балдар алып келгенин Исмаза билдирген. Өз кезегинде ал балдар куралдардын бир бөлүгүн тренери Будаевге көрсөткөнүн милиция кызматкерлерине билдирген. Аягында Н. Будаев сумкага салынып, бадалдарга жашырылган курал-жарактарды милиция кызматкерлерине көрсөтүп берген. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.