Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:34

Жаңы Салык кодекси иштелүүдө


БИШКЕК. Өлкөнүн жаңы Салык кодекси ушул ай ичи иштелип чыгып, октябрь айында парламенттин кароосуна коюлат. Бул тууралуу каржы министрлигинен 13-сентябрда кабарлашты. Маалыматка караганда, жаңы кодексти иштеп чыгууга жардам берүү максатында Эл аралык валюта корунун адиси Виктор Турони шейшембиде Бишкекке келди. Казакстан, АКШ, Франция, Япония, Грузия жана Украинанын салык мыйзамдарын иштеп чыгууга катышкан адис Турони Бишкекте 17-сентябрга чейин болмокчу. Жаңы Салык кодексин иштеп чыгуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновго жүктөлгөн. Жаңы кодексте бир катар салыктардын өлчөмүн кыскартуу каралууда.

XS
SM
MD
LG