БИШКЕК. Карасуу районундагы «Туратали» базарынын башчысынын атып өлтүрүлүшүнө байланыштуу Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун отставкага кетишин талап кылган акция атайын уюштурулду. Мындай пикирин 13-сентябрда Башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, азыр Башкы прокуратура иликтеп жаткан чуулгандуу кылмыш иштеринин артында турган адамдар ушундай аракеттерди жасашы ыктымал. Дагы бир себеби катары Башкы прокурор “Туратали” базарындагы соода жүгүртүүнүн ачык эместигин белгиледи. Анын айтымында, Туратали базарында соода жүргүзүүчү беш миң контейнердин бир жарым миңи гана каттоодо турат.
Акыркы маалыматтарга караганда, «Туратали» базарынын башчысы Абдалим Жунусовду жана анын айдоочусун өлтүргөндүгүнөн шектелген бир адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын прокурору Анарбек Калматовго шилтеме берип, “АКИ-пресс”агенттиги таратты. Кийинчерээк Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов да журналисттерге берген интервьюсунда мындай маалыматты бышыктады.