Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:13

ЖАҢЫ ОРЛЕАН АКЫРЫНДАП КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛҮҮДӨ


Баян Жумакадыр кызы, Прага «Катрина» капасалаңынан жабыр тарткан Жаңы Орлеанда 12-сентябрь күнү дагы 45 кишинин сөөгү табылып, алааматтан мерт болгон адамдардын саны 500дөн ашты.Сөз болуп жаткан 45 кишинин сөөгү "Мемориал Медикал Центер" деген оорукананын имаратынан табылган. Ошентип, капсалаңдан курман болгон кишилердин саны, мурда божомолдонгондон кыйла азыраак болчудай. Бороондон жабыр тарткан райондордо «Азаттыктын» Вашингтондогу кабарчысы Никола Крастев болуп кайтты.

Жаңы Орлеандын кыйла бөлүгүн али суу каптап жатат. Бирок шаардын бороондон азыраак жабыркаган жерлеринде жашоо акырындап тириле баштагынын көрүүгө болот. Үйлөрүнө кайтып келген тургундар калган- каткан оокатын терип-тепчип, жашоосун аздап да болсо калыбына келтирүүгө аракеттенүүдө. Үйлөрүнүн тегерек четин тазалап жүргөндөр да бар. Там-ташынан ажырап, талаада отургандарга жардам берүү кечигип болсо да жолго койулууда. Куткаруу, гуманитардык операциялар менен шаардын жашоосун калыбына келтирүү иштери Жаңы Орлеандын “Харах” казиносунда уюштурулган борбордон башкарылууда.

Борбордун бөлүм башчылардын бири, чукул кырдаалдар тармагында 20 чакты жылдан бери иштеп келаткан Рубен Белл кабарчыбыз менен маектешкенде мынчалык чоң алааматты өмүрүндө көрбөгөнүн баяндаган.

- Мен күч колдонуу тармагында иштегенимие 20 жалдын ашты. Бирок мындай алааматты биринчи жолу көрүп олтурам. Бул жерди тазалап, ишти корординациялоо борборун түзүүгө катыштык. Айлана толтура өлүк, таштанды, деги койчу, мындайды мен да, менин кесиптештерим да көргөн эмеспиз.

Беллдин айтымында, аскерлер менен полициянын аракеттеринин арты менен каракчылык жана зордук-зомбулук токтотулду. 8-10дон топтошуп, үйлөрдү түрө кыдырып жүргөн полиция-шаарга баргандардын баарынын документтерин текшерүүдө.

2001-жылы 11-сентябрда Нью-Йоркто болгон террордук кол салууда куткаруучу болуп иштеген лейтенант Дан Альбано ал каргашалуу окуя менен азыркы алааматты салыштырып болбой турганын белгилеген:

- Нью-Йорктогу алаамат тааныш жерде болгон, анда апаат болгон жерге техника, керектүү жабдуулар менен адамдарды тартып келүү да оңой эле. Бир-эки үйчөлүк жерде эле ажаатканалар, телефондор менен таза суу бар эле. Бул жерде болсо акыбал таптакыр башкача, абдан оор.

Жергиликтүү бийликтердин айтымында, алаамат болгон күндөрдө болжолу менен 300дөй полициячы кызматын таштап кеткен. Айрым адамдар алардын ишке чыкпай койгонун чыккынчылык катары сыпаттап жатышат, бирок Рубен Белл полицисттер да башкалардай эле кадырэсе кишилер экенин, алар да үй-жайынан айрылып, же үй-бүлөсү менен жакындарынын камын көрүүгө мажбур болушканын айтат:

- Полицейлердин абалын түшүнүү үчүн өзүңөрдү ошолордун ордуна койуп көргүлөчү. Мен аял-бала бакыра, үй жайынан ажырап, баш катаар жери жок, бирин-экин түйүнчөгүн кайда барса да машинесине салып жүргөн полицейлерди көрдүм.

Бирок ушундай абалга карабастан жаңы орлеандыктардын шаарды кайра калыбына келтирүүгө үмүтү чоң. Ушул жумада Луис Армстроң эл аралык аэропортуна учактар коно баштады. Куткаруучулардын ишин тескеген борбордо гуманитардык кызматкерлер шам-шум этип ала тургандай чатыр тигилди.

Үстөккө-босток айтылып келаткан сын пикирлерден кийин АКШнын Федералдык Чукул кырдаалдар агенттигинин башчысы Майкл Браун кызматтан кетип, анын милдетин аткарууга куткаруу кызматында көп жылдар бою иштеген Дэвид Паулисон дайындалды. Карапайым америкалыктар иш билги адамдын келиши менен капсалаңдын кесепеттерин жойуу ыкчамдап, ырааттуураак жүрөрүнө үмүттөнүп жатышат.

XS
SM
MD
LG