Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

Ирак президенти Вашингтон шаарында АКШ президенти менен жолукту


АКШга келип, президент Жорж Буш менен жолуккандан кийин Ирак президенти Жалал Талабани кечээ күнү Вашингтон шаарында жасаган билдирүүгө караганда, Ирактын өзүнүн коопсуздук күчтөрү чет өлкөлүк аскерлер өтөгөн милдетти эмдиги жылдын аягында аткара баштайт:

- 2006-жылдын аягына чейин биздин коопсуздук күчтөрүбүз жетиштүү деңгээлге өнүгүп жетип, америкалык аскерлер аткарган ишке жооптуу боло алат деген үмүттөмүн, ал максатка биз америкалыктар менен биргелешип жетише алабыз.

Аны менен катар америкалык аскерлердин санын азыртан тартып кыскартыш керек деген талапты Ирак президенти четке какты. Буштун айтымында, Ирактагы демократиялык реформаларга АКШ көрсөткөн жардамын азайтпайт.

XS
SM
MD
LG