Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттардын 60-сессиясы башталды


Кечээ күнү Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттардын 60-сессиясы башталды. Анын алдында сессия учурунда өтө турган бийик жолугушууда талкууланууга тийиш документтер топтому бекитилди. Баш катчы Кофи Аннандын айтымында, талаш-тартыш кызуу болду, бирок мунаса табылды:

- Чечимге келүү кыйын болду, бирок жыйынтыкты ийгилик деп атаса болот. Биз жакшы документ иштеп чыктык. Каалагандын баары жетишилген жок, бирок биз анын негизинде иштей алабыз, менин оюмча, биз көп нерсеге дагы жетише алабыз.

Бириккен Улуттарга азыр 191 мамлекет мүчө. Дүйнө лидерлеринин саммити сессиянын алгачкы үч күнүндө өтөт, ага бир жүз элүүгө жакын өлкөнүн жетекчиси катышаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG