Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

ООГАНСТАН ШАЙЛООДОН КИЙИН ДА КӨМӨККӨ МУКТАЖ


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Европа Биримдиги Ооганстанда парламенттик шайлоо өткөндөн кийинки мезгилге да өлкөгө жардам берүүнүн жаңы пакетин даярдаганы жатат. Бул тууралуу Биримдиктин тышкы байланыштар боюнча атайын өкүлү Бенита Ферреро-Валднер айым өткөн жумада Ооганстанга барып келгенден кийин билдирди.

Ооганстанда 18-сентябрда парламенттик шайлоо болот. Аны менен Европа Биримдигинин Ооганстанга “Бонн жараяны” деген ат менен 2001-жылдан тарта берип келаткан жардамынын негизги баскычы аяктайт. Бирок шайлоодон кийин жардамдын экинчи баскычы башталат. Бенита Ферреро-Вальднер айым Батыш бул мүдөөнү аткарууга Ооганстандын алдында “моралдык жактан милдеттүү” деп, баса белгиледи:

- Мен биз Ооганстанга жардам берүүнү улантабыз деп айта алам. Менин оюмча, олуттуу өлчөмдөгү акчалай каражатты берип, жардамдашуу - бул биздин моралдык милдетибиз.

Бенита Ферреро-Валднер айымдын айтуусуна караганда, эмки январда Нью-Йоркто же Лондондо Ооганстанга жардам берип келаткан донор мамлекеттер жана башка саясий чөйрө өкүлдөрүнүн жолугушуусу болот. Анда ушул маселе талкууланып, жыйынтыгында тараптар эл аралык коомчулуктун “Бонн жараянынан” кийин Ооганстанга көрсөтө турган жардамы боюнча тиешелүү документтерди даярдашат.

Ал эми Европа Биримдиги азыр Ооганстан менен кызматташуунун жаңы долбоорлорун даярдап жатат. Ал парламенттик шайлоонун жыйынтыгына жараша кабыл алынат. Европадагы 70 мамлекеттин өкүлдөрү кирген байкоочулар миссиясынын жетекчиси Эмма Бонинонун баамында, шайлоо ийгиликтүү өтөт дегенге негиз түзүлүп калды. Ал тууралуу Бенита Ферреро-Бальднер айым буларга токтолду:

- Мен коопсуздукту камсыз кылуу маселеси күнөм санатат деген ойдомун, бирок ошол эле учурда абал андан да жаман болушу мүмкүн болчу деп айткым келет. Менин оюмча, Эмма Бонино өзүн ишенимдүү сезип жатат жана жагдай жакшы жагына оойт деп ишенүүдө.

Бенита Ферреро-Валднер айым шайлоо алдында өз чек арасын бекемдеп, Ооганстан менен чектеш аймактарга кошумча 5 миң аскер койгон Пакистандын чечимин кубаттады, бирок мындай аракет мурдатан эле жасалса жакшы болмоктугун белгиледи. Ошол эле учурда парламенттик шайлоо мурдагы аскерий жетекчилер менен кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн парламентке кирип кетишине өткөөл жол болобу деген кооптонуу да бар. Буга Ооганстандын бийлигинин жергиликтүү төбөлдөр менен өз ара тирешүүдөн качуу саясатын тандагандыгы жол ачат.

Шайлоодогу өнөктүк улут, уруу жана башка жагдайларга жараша болот деген көз карашын Евробиримдиктин байкоочулар миссиясынын жетекчиси Эмма Бонино өткөн айда берген маалыматында айрыкча белгиленген.

Европа Биримдиги 2001-жылдан бери Ооганстанга 1 миллиард евродон ашык жардам берди. Ал эми 2006-жылдан кийин бериле турган жардам саламаттыкты сактоо, инфраструктураны, айрыкча жол жана айылдарды жакшыртууга багытталат. Андан кийинки багыт - билим берүү, айрыкча элди кайсы бир кесипке үйрөтүү болот. Евробиримдик көңүл бура тарган андан кийинки олуттуу жагдай - баңги зат өндүрүшүн азайтуу. Дүйнөдөгү героиндин 90 пайызы өндүрүлгөн Ооганстандын элинин көбү апийим өстүргөндөн башка тиричилик кылуунун “натыйжалуу жолун” табуусу үчүн көмөккө муктаж.

Эл аралык коомчулук Кабулдан Ооганстанда коррупцияны ооздуктоо жана бийликтин өз билемдик көрүнүштөрүн кыскартуу аракеттерин да талап кылаары күтүлөт, - дейт Ферреро-Валднер айым. Анын баамында, ал үчүн сот бийлиги эл аралык укук нормаларынын алкагына түшүп, полициянын маянасы жогорулатылышы керек.

XS
SM
MD
LG