БИШКЕК. 14-сентябрда өкмөт үйүндө вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров республикадагы массалык маалымат каражаттарын реформалоо боюнча жумушчу топ менен жыйын өткөрдү. Анда мамлекеттик “Кыргыз туусу” жана “Слово Кыргызстана” гезиттерин акционерлештирүү, “Эркин тоо” гезитинин базасында өкмөттүк басылманы түзүү маселеси каралды. Ошондой эле облустук гезиттерди облустук мамлекеттик администрациянын ээлигинен чыгаруу сунушталды. Ал эми Улуттук телерадиоберүү корпорациясын, Улуттук телеберүү компаниясы кылып түзүп, ага 15 адамдан турган байкоочу кеңеш түзүү тууралуу долбоорду жумушчу топ бир жуманын ичинде иштеп чыгаарын жана президент Курманбек Бакиевге сунуштай тургандыгын вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров ушул эле күнү “Азаттыкка” билдирди.