БИШКЕК. Эки-үч күндүн ичинде Кыргызстандын аймагындагы 11 өзбек атуулу үчүнчү өлкөгө өткөрүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин башчысы Зафар Хакимов 14-сентябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Ош шаарындагы тергөө абагында Анжиан окуясына катыштыгы бар делген шек менен кармалып жаткан өзбекстандык 15 атуулдун 11и БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарлыгы тарабынан качкын макамын алышкан. Ал эми калган төртөөнүн кылмыш иши иликтенүүдө. Хакимов Кыргызстандын аймагындагы өзбекстандык дагы 12 атуулду миграция кызматы каттоого алганын маалымдады.
Өзбекстандык 11 атуулду үчүнчү өлкөгө өткөрүп берүү тууралуу Башкы прокуратура тарабынан чечим кабыл алына электигин, бирок ал чечим жакын арада кабыл алынаарын Башкы прокурор Азимбек Бкеназаров 14-сентябрда “Азаттыкка” билдирди.