Лондон шаарында чыгуучу "ал-Хаят" деген гезит кечээ күнү Ооганстандагы бир америкалык аскерге шилтеме жасап жазып чыкканга караганда, "ал-Каида" террордук уюмунун жетекчиси Усама бин-Ладендин ден соолугу начарлагандыктан, ал доктур издеп жатат. Бирок Ооганстандагы америкалык аскерлердин жетекчилиги дароо атайын кабар таратып, андай маалыматты эч бир америкалык аскер эч кимге берген эмес деп билдирди.