Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Улуттук банктын акчасына байланышкан кылмыш иш сотко өттү


ЖАЛАЛАБАТ. Учурда Жалалабат шаардык сотко өткөн кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан ачылган. Кылмыш ишине ылайык, 24-мартта Улуттук банкттын облустук башкармасынан 22 млн. 740 миң сом акча жоголгон. Акчанын жоголушуна байланыштуу шаардын тургуну Нурлан Нышанов айыпталууда. Айыптуу менен ишке тиешеси бар адамдар кылмыш иши менен тааныштырылды. Мындай маалымат 15-сентябрда облустук прокуратурадан алынды. Айыпталуучу Нурлан Нышанов мыйзамдык сабатсыздыктан улам кылмыш иши туура эмес ачылгандыгын жана элдик акчаны сактап калуу максатында күбө адамдар менен бирге банктан алынган акчаны облустук ички иштер башкармасына тапшыргандыгын, өзүнүн акчага тиешеси жоктугун билдирди. Ал Аскар Акаевди отставкага кетирүү боюнча облустук бийликтин алдында митингде турган миңдеген адамдардын бири. Митингчилердин башка өкүлү Камал Сооронкулов акчаны банктан алаарда айланасында куралдуу адамдар тургандыктан аны саноого жана акты менен кабыл алып, кайра өткөрүүгө мүмкүндүк болбогондугун маалымдады.

XS
SM
MD
LG