Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:45

Аксы жана Түндүк шайлоо округунда кайра шайлоо болот


БИШКЕК. №8-Түндүк жана №20-Аксы шайлоо округдарында Жогорку Кеңештеги бошогон депутаттык орундар үчүн шайлоо ушул жылдын 27-ноябрында өтөт. Буга байланышкан жарыдкка президент Курманбек Бакиев 13-сентябрда кол койгондугун президенттин маалымат кызматы бейшемби күнү кабарлады. №20-Аксы шайлоо округунан мурда шайланган депутат Азимбек Бекназаров Башкы прокурор болуп дайындалгандыгына байланыштуу депутаттык мандатын өткөрүп берген. Ал эми №8 Түндүк шайлоо округунан шайланган депутат Жыргалбек Сурабалдиев Бишкек шаарында белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн.

 

XS
SM
MD
LG