Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Парламент президентке «Өкмөт түзүмү жөнүндө» өз сунушун берет


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш «Өкмөттүн түзүмү жөнүндө» атаандаш долбоорду президенттин кароосуна сунуштамай болду. Мындай чечим 15-сентябрдагы отурумда кабыл алынды. Бул долбоор төрага Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар тобу тарабынан иштелип чыккан. Анда 14 министрлик, 4 комитет түзүү сунушу киргизилген. Бирок талкуу учурунда министрликтердин жана башка структуралардын саны сунушталгандан алда канча көбөйүп кетти. Натыйжада долбоор энергетика жана отун ресурстары, транспорт жана байланыш, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу өңдүү министрликтерди, миграция боюнча мамлекеттик комиссияны, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комиссияны түзүү өңдүү көптөгөн сунуштарды камтыды. Ал эми президенттин «Өкмөттүн түзүмү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун парламент чала иштелген деп, аны кароону кийинки мөөнөткө жылдырды.

XS
SM
MD
LG