Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Өзбекстан Кыргызстанды дагы бир жолу айыптады


БИШКЕК. 15-сентябрда Өзбекстандын Баш прокурорунун биринчи орун басары Анвар Набиев “Анжиян шаарындагы террордук актыларды даярдоо жана аны ишке ашыруу үчүн 300 миң доллардан ашуун каражат бөлүнгөн жана ага Кыргызстандын түштүгүндө курал-жарак, ок-дарылар сатылып алынган”, деген билдирүү жасады. Анвар Набиевдин сөзүнө караганда, Анжиян окуясы башталардан аз күн мурда ал курал-жарактарды террорчулар айланма жолдор аркылуу Өзбекстанга алып киришкен.

Мындай билдирүүнү Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Вячеслав Хан ушул эле күнү “Азаттыкка” берген маегинде четке какты:

- Мындай айыптоолор негизсиз. Мен мурда айткандай, бүгүнкү күндө Кыргызстанда куралчан адамдар даярдалганы тууралуу эч кандай маалымат жок.

XS
SM
MD
LG