Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Киевде кризис күчөп баратат


Украинанын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Александр Турчинов өлкө жетекчилиги коррупцияга батты деп айыптады. Анын айтымында, президенттик администрация өзүнө жана экс-премьер-министр Юлия Тимошенкого каршы кылмыш ишин козгойбуз деп коркутууда. Андан тышкары Турчинов жогорку мамлекеттик кызматкерлер Украина менен Орусиянын ортосундагы “РосУкрЭнерго” деген компания аркылуу ири суммадагы арам акчаларды адалдап жаткандыгын кабарлады. Президент Виктор Ющенко Орусиялык ишкер Борис Березовскийден шайлоого катышуу үчүн акча алган деген маалыматты четке какты. Ющенконун ошол кездеги шайлоо штабынын жетекчиси Олег Рыбачук Березовский тууралуу өзү да, Ющенко да билбейт деп билдирди. Башка кызматкерлер мындай маалыматты саясий чагым деп баалап жатышат. Ал эми Юстиция министринин милдетин аткаруучу Роман Сварич маалымат чын болсо да Ющенкого импичмент жарыялоого негиз бол албайт деп билдирди. Ющенко Березовскийден акча алган деген маалыматты мурунку президент Леонид Кравчук жарыя кылган.

XS
SM
MD
LG