Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

БУУнун саммити уланууда


АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына арналган юбилейлик саммиттин экинчи күндөгү иши уланды. Анын алгачкы күнү терроризмге каршы күрөшүү маселеси талкууланды. Анда БУУнун Башкы катчысы Кофи Аннан: “Терроризмге каршы жарандык коом да, диний ишмерлер да чечкиндүү күрөшүүгө милдеттүү. Биз дайыма террактарды ким, кандай максат менен жана кайда жасагандыгына карабастан ага эч кандай актоо жок экендигин түшүндүрүшүбүз керек”, - деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG