Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Беларус президенти Америка Кошмо Штаттарын катуу сынга алды


Бириккен Улуттардын сессиясында кечээ күнү орус президенти Владимир Путин чыгып сүйлөп, эл аралык террорчулукка каршы күрөштө негизги мааниге Бириккен Улуттар ээ болууга тийиш деп билдирди. Беларустун президенти Александр Лукашенка болсо Бириккен Улуттардын бийик жолугушуусунда Америка Кошмо Штаттарын күнөөлөп, дүйнөлүк маселелер АКШнын айынан чыгууда деп билдирди:

- Эч кандай маселе жок жерде маселе жаратуу керек. Кол салууга себеп болбосо, жасалма шылтоо жаратуу керек жана ал үчүн абдан ыңгайлуу туу табылды - демократия менен адам укуктары. Эң негизгиси болсо, бул сөздөр алардын чыныгы маанисинде эмес, АКШга керектүү мааниде гана колдонулат.

Беларус президентинин айтымында, демократия жана адам укуктар деген түшүнүктү АКШ - дүйнөгө үстөмдүк кылуу максатында колдонууда, бирок Беларус өз жолу менен өнүгөт.

XS
SM
MD
LG