Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:44

БИШКЕКТИН ТҮШТҮК ТАРАБЫНАН ЖЕР БАСЫП АЛГАНДАР КУРУЛУШ ИШТЕРИН БАШТОО АРАКЕТИНДЕ


“Алтын казык” коомдук бирикмесинин 730 мүчөсү Бишкектин түштүк жагындагы 36 гектар жерди басып алышып, үй куруу максатында өз алдынча жер үлүшүн бөлүштүрүштү. Эгерде шаар бийлиги алардын талабын оң чечип бербесе курулуш иштерин дүйшөмбүдө баштай турган болушту. Ал эми баш калаанын мэриясы тарабынан түзүлгөн комиссия, “Алтын казык” коомдук бирикмеси койгон талаптар боюнча иштеп жатышканын мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Алтын казык» коомдук бирикмесинин 730 мүчөсү 6 айдан бери үй курууга жер аянтын бөлүп берүү маселесин жогорку бийлик өкүлдөрү чечип бербегендиктен өз алдыларынча Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы, АКШ элчилиги жайгашкан аймакка жакын жердеги 36 гектар аянтты ээлеп алышып, бийликтин уруксатысыз бөлүп ала башташты. Эгерде шаар бийлиги үй курууга жер участогун бөлүп беришпесе дүйшөмбү күндөн баштап, курулуш иштерин баштай тургандыктарын билдиришти. Алар менен Бишкек шаарынын мэри Арстанбек Ногоев жолугушуп, маселени Бишкек шаардык кеңешинде талкуулап, комиссия түзүп, дыкат иликтеп, бир жаңсыл чечип берүүнү убада кылды. Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Данияр Шабданов учурда комиссия жогорудагы маселенин үстүндө иштеп жатканын жума күнү билдирди.

- Бишкек шаар башчысынын тапшырмасы менен комиссия учурда иштеп жатат. Бишкек шаардык прокуратурасы, ички иштер башкармалыгы жерге муктаж адамдардын документтерин текшерүүдө. Шаар бийлиги бул маселени оң чечип берүүгө аракететрди жасоодо.

Данияр Шабдановдун айтымында, айрым жер участогун алуучулар шаардын башка аймактарынан да жер бөлүштүрүп алып, эки-үч участокко ээ болууну көздөгөндөр бар болушу мүмкүн. Ошондуктан укук коргоо органдары ар биринин документтерин текшерип, тиешелүү мекемелер аркылуу тактоодо.

Ал эми «Нагима» кайрымдуулук корунун жетекчиси Латипа Жуманалиева өз алдынча жер басып алуучулардын аракети мыйзамсыз экендигин, алардын укуктары тууралуу окууларды өткөрүү зарылдыгына токтолду:

- Өз алдынча жер ээлеп алуу мыйзамсыз көрүнүш. Биз алардын арасында мониторинг жүргүзүп, мындай көрүнүштүн чыгуу себептерин иликтедик. Ошондой эле алардын укуктары, мыйзамдуулук боюнча тренинг, окууларды өткөрүү зарыл. Анткени биздин атуулдар өлкөдө мыйзам иштебейт деген көз карашта болушуп, мыйзам бузууларга барышууда. Алардын көз карашын мыйзамдуулукту сактоого буруу керек..

Жер бөлүштүрүү боюнча координациялык кеңештин тең төрагасы Осмон Рыскулбеков, «Алтын казык» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, үй куруу үчүн жер участогун бөлүп берүүнү бийлик башындагылар 6 айдан бери ар кандай шылтоолор менен создуктуруп келатканына нааразы болушуп, өз алдынча курулуш иштерин баштоого аргасыз болгондугун мындайча түшүндүрдү:

- Мурдакы мэрдин милдетин аткаруучу Аскар Салымбеков ушул жерди чечип бербесем шаар башчысы болуп иштебей эле койдум деген. Кечээ шаар башчысы Ногоев орун басарлары менен, район акимдери, күч структуралардын жетекчилери менен келгенде Салымбековдун убадасын айттым. Мэрдин орун басары айтып атпайбы, мындай макулдашуу болгон эмес, деп. Чоңдордон уят-сыйыт кетти. Бүгүн айткан убадасын эртең эле унутуп калышат. Анан Башкы прокурор Азимбек Бекназаров, президенттин администрация башчысы Үсөн Сыдыков, шаардын мурдакы прокурору Өмүрбек Кутуев жана башка бийлик өкүлдөрү келип 5 ай мурда бул маселени чечип беребиз деген. Ошондо мен айттым,”Ош, Баткендеги, Аксы районундагы айрым жерлер Өзбекстанга өтүп жатканда, анклавдардагы кыргыздар кор болуп жүргөндө, Үзөнгүкуушта миң гектар жерди сатканда кайда элеңер. Эми өз элиңер үчүн эмнеге Чолпонбай Түлөбердиев болуп төшүңөрдү тососуңар?” - дедим. Анан Азимбек Бекназаров “Царское селодо” жалаң байларга берилиптир, бул жер ушул жерде турган карапайым элге берилсин дегенде, жердин картасын алып келип жайышты. Ошондо Үсөн Сыдыков: “Осмон бул жерге биз көп кабат үй салалык. Бул жерге силер салгыла” деген убадасы видео тасмага түшүрүлгөн. Ал материал менде турат.

Осмон Рыскулбеков ошондой эле, «Алтын казык» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү ээлеп алган Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы, АКШ элчилиги жайгашкан аймактын чыгыш тарабындагы бош жаткан 170 гектар жердин бир тешесинин баасы 15 миң АКШ доллар тураарын айрым бир булактар аркылуу тактаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG