БИШКЕК. 16-сентябрда Жогорку сот ушул жылдын 31-июлунда №39 Куршаб шайлоо окургунда өткөн шайлоонун мыйзамдуулугун карап, шайлоонун жыйынтыгын тааныган чечимин чыгарды. Башкача айтканда, округдан талапкерлигин койгон Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин депутаты деп таанылды. Ал эми буга чейин округдук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деген чечимин чыгарган. Бирок 2-августта Борбордук шайлоо комиссия округдук комиссиянын мындай чечимин жокко чыгарган токтом кабыл алган. Ушул эле айда буга байланыштуу аталган округдан чыккан дагы бир талапкер Мамат Орозбаев Бишкек шаарынын биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылган. Ал арызы канааттандырылбаган соң, аппелляциялык арызын Жогорку сотко жолдогон.