Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:08

Өзбекстандын Анжиян окуясына байланыштуу билдирүүсү Кыргызстанда сынга алынууда

БИШКЕК. Анжиян окуялары Өзбекстандагы авторитардык режимге, адам укуктарынын тебеленип-тепселгенине байланыштуу болду. Ошондуктан, Анжиян окуяларында Кыргызстанды айыптоо негизсиз. Мындай пикирди Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү билдиришүүдө. Ал эми «Акыйкат-прогресс» партиясынын жетекчиси Муратбек Иманалиев мындай пикирде:

- Өзбекстан Анжиян окуялары боюнча күнөөкөр кылып, башка өлкөнү көрсөтүүгө аракет кылып жатат. Чындыгында Кыргызстанды күнөөлөө - негизсиз. Биздин өлкөдө эч кандай согушкерлер даярдалган эмеc.

16-сентябрда Өзбекстандын башкы прокуратурасы билдирүү таратып, Кыргызстандын башкаруу органдары анын аймагында деструктивдүү күчтөрдүн даярдалышына көз жумду мамиле кылган, өлкөнүн түштүк аймагында 300 миң АКШ долларына курал-жарак сатылып алынып, кийин Анжиянга жеткирилген деген күнөө койгон.
XS
SM
MD
LG