Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:06

18-сентябрда №1-Университет округунда шайлоо болот

БИШКЕК. 18-сентябрда №1-Университет шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке депутаттык орун үчүн кайра шайлоо болот. Шайлоого КМШ өлкөлөрүнөн 3, Эл аралык республикалык институттан 3 байкоочу, мындан тышкары жергиликтүү байкоочулар көз салаары болжолдонууда. Шайлоодо 6 талапкер ат салышмакчы. Алардын катарында Абдраев Медетбек, Абасбеков Алмазбек, Бөлөкбаев Эркин, Курманалиев Таалайбек, Марипов Болотбек жана Шеримкулов Кунай бар. №1-Университет шайлоо округунан мурда шайланган депутат Бермет Акаеваны Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт маалында мыйзам бузду деген негиздеме менен мандатынан ажыраткан.
XS
SM
MD
LG